Догоев: Айдоочулук күбөлүк алуу "жеңилдейт"

6-Фев. 2018, Шейшемби, 14:13

Бүгүн, 6-февралда премьер-министр Сапар Исаков Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн сынак берүүчү класстарды жана унаа каражаттарын каттоо залдарын көрүп чыкты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев маалымдагандай, бүгүнкү күндө «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында жана айдоочулук күбөлүктү алгач ирет алууда сынак берүү жана кабыл алуу тутумун жакшыртуу жана автоматташтыруу максатында автомектептердин бардык түрү, ошондой эле айдоочулук курам тууралуу маалыматты камтыган айдоочулук курамды тестирлөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык жаңы тутум иштелип чыгып, ишке киргизилген.

Ал белгилегендей, аталган чара айдоочулук күбөлүк алууда коррупциялык тобокелдиктерди кескин кыскартууга мүмкүндүк берет, анткени, тестирлөөдө сынактын суроолору атайы тутум аркылуу тандоо түрүндө сунушталат жана сынак алуучулар тарабынан билет тандап алуу мүмкүндүгүн жоет.

Ошондой эле Дастан Догоев унаа каражаттарын каттоо иши “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашырылаарын, бул унаа ээлеринин ар кыл тейлөөлөрдү алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзөөрүн маалымдады.

Мындан тышкары, Премьер-министр автомобилдик Калкты тейлөө борборунун административдик имаратынын долбоору менен таанышты. ДастанДогоевдин айтымында, үч кабатттуу имараттын курулушу каралууда, анда айдоочулук күбөлүктү берүү жана унаа каражаттарын каттоо боюнча бардык зарыл кызматтар көрсөтүлөт. Буга катар анын аймагында автомектеп окуучуларына практикалык окууларды өткөрүү үчүн автодромдун курулушу каралууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!