Россиянын бир катар шаарларына штаб түзүлдү

6-Фев. 2018, Шейшемби, 16:55

Россияда өтө турган футболго байланыштуу кыргыз диаспоралык уюмдарынын активисттеринин курамынан турган штаб түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылы Россия Федерациясында FIFA Футбол боюнча чемпионатын даярдоо жана өткөрүүдө коомсуздук чаралары күчөтүлөт. Ага байланыштуу, футбол оюндары өтө турган Россиянын шаарларында (Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону) иштеп, жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына тийиштүү укуктук-консулдук жардам көрсөтүү мааксатында штаб түзүлдү.

Штабдын негизги милдеттеринин бири Футбол боюнча Чемпионат өтө турган шаарларда КРнын жарандарынын миграциялык каттоого туруу тартиптери жөнүндө КРнын жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрмө иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү болуп саналат.

Мындан сырткары Футбол боюнча чемпионаттын оюндары өтө турган шаарларга келүүгө камынган же ал шаарларда турган жарандар үчүн миграциялык эрежелер боюнча кеңеш берүү, ошондой эле оперативдүү түрдө укуктук-консулдук жардам көрсөтүү үчүн элчилик тарабынан “Ыкчам линиясы” уюштурулду.

Россияда өтүүчү Футбол боюнча чемпионатка байланыштуу КРнын жарандарына укуктук жана консулдук жардам көрсөтүү боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган “Ыкчам линия” телефондорунун номерлери
Москва шаары:
КРнын РФдагы Элчилиги
+7 (925) 864-47-26,
+7 (925) 864-47-11
КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү
+7 (925) 291-72-72,
+7 (495) 780-74-10
КРнын ИИМнин Өкүлчүлүгү
+7 (926) 890-87-00
Москва шаарындагы коомдук уюмдар
+7 (925) 703-82-61
+7 (926) 528-33-99
+7 (968) 808-19-30
+7 (963) 667-28-28
+7 (926) 910-17-77;

Санкт-Петербург шаары:
+7 (900) 634-90-95
+7 (921) 939-35-40
+7 (962) 688-25-06
Казань шаары:
+7 (966) 260-97-60
Сочи шаары:
+7 (988) 245-43-02
+7 (988) 286-51-20
Нижний Новгород шаары:
+7 (967) 713-67-37
Самара шаары:
+7 (927) 260-34-84
Калининград шаары:
+7 (952) 792-15-35
Екатеринбург шаары:
+7 (343) 223-68-12
+7 (963) 855-31-81
+7 (922) 229-66-66
Саранск шаары:
+7 (999) 716-75-90
Волгоград шаары:
+7 (961) 669-95-55
Ростов-на-Дону шаары:
+7 (960) 461-61-61

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!