​Кыргызстан “Дубай ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнө катышат

7-Фев. 2018, Шаршемби, 11:22

Кыргызстан Дубай шаарындагы “Дубай ЭКСПО-2020” Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катышат. Учурда ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган көргөзмө 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт. Анда улуттук көргөзмө оператору катары КРнын Соода-өнөр жай палатасы аныкталып, ага бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча функциялар ыйгарылган.

Бул боюнча ушул жумада вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун төрагалыгы астында Дубайдагы көргөзмөгө Кыргызстандын катышуусу жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы кеңешмеси өтөт.

Белгилей кетсек, «Дубай ЭКСПО-2020» Жакынкы Чыгыш, Африка жана Туштук Азия аймагындагы араб мамлекетинде өтүүчү биринчи бүткүл дүйнүлүк көргөзмө болуп саналат. Көргөзмөнүн аймагы аудиториясы 25 миллиондон ашуун келүүчүлөр эсепке алынган – анын ичинен 70% чет элдиктер, бул ЭКСПО өткөрүлүп келген мезгилден тарта чакырылган чет элдик көрүүчүлөрдүн саны эң көп болгондугунан кабар берет. Ошондой эле, көргөзмөнүн ишине 180 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!