Санариптик трансформация боюнча кызматташуу талкуулады

7-Фев. 2018, Шаршемби, 11:24

Премьер-министр Сапар Исаков «Schneider Electric» компаниясынын Россия жана КМШ боюнча президенти Йохан Вандерплаетсе, вице-президенти Роман Шмаков, Казакстан жана Борбор Азия боюнча башкы директору Максим Агеев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, энергиянын жаңыланган булактары жаатында, ошондой эле «Таза Коом» улуттук программасы алкагында санариптик трансформация боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

"«Таза Коом» долбоору алкагында биз тажрыйбалуу, беделдүү жана инфраструктуралык МКТ долбоорлордо тийиштүү экспертизасы бар коммпаниялардын катышуусуна, бизнес үчүн санариптик тутумда иштөө шартын түзүүгө, ошондой эле жергиликтүү адистердин мүмкүндүгүн жогорулатууга кызыкдарбыз», – деп белгиледи Исаков.

Йохан Вандерплаетсе белгилегендей, компания санариптик трансформация боюнча долбоорлорго катышууга кызыкдар: «Кыргызстандын жалпы Борбор Азия аймагы үчүн маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу боюнча лидер болуп калуусуна чоң мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн өлкөдө бардык шарттар: табигый муздатуу, жеткиликтүү электр энергиясы жана адамдык потенциал бар. Өкмөттүн санариптештирүү боюнча пландары амбициялуу жана учур талабына жооп берет».

Андан соң Премьер-министр адистерди энергетика жана маалыматтык технологиялар жаатында окутуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу Schneider Electric өкүлдөрү Өкмөт башчыга жергиликтүү адистердин төмөнкү кубаттуулук жана жогорку кубаттуулук боюнча билимин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!