Баткен облустук мусулмандар казыятынын тапшырмасы менен облус аймагындагы мечит - медреселерде ишембилик өтүп, ага мечит имамдары жана дин кызматкерлери катышышты. Бул тууралуу Баткен казыятынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө мечит-медреселердин айланасы ар кандай калдыктардан, таштандылардын, акыр-чикирлерден тазалоо иши өткөрүлдү.
«Мечит-медреселердин тазалыгы биздин жүзүбүз. Андыктан ар бирибиз айлана-чөйрөбүздү таштандылардан арылтсак ар кандай илдеттерден дагы алыс болобуз. Учурдагы ишембилик алкагында тазалоо иштери гана жүргүзүлдү, жаз айынын келиши менен бак отургузуу иштери да жүргүзүлөт”- дешти уюштуруучулар.