Чолпон-Атада "Кайрымдуулук дүкөнү" ачылды

7-Фев. 2018, Шаршемби, 12:12

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук базарында аз камсыз болгон, материалдык жактан муктаж үй-бүлөлөр үчүн атайын "Кайрымдуулук дүкөнү" ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук администрациясынан билдиришти.

Дүкөнгө шаардын кайдыгер эмес тургундары кийим-кече, тамак-аш алып келип, муктаж адамдарга жардам көрсөтүшүүдө.

"Дүкөндө баардыгы акысыз. Мындай иш-чара Чолпон-Ата шаарынын базарынын директору А.Мусаева жана жеке ишкерлердин демилгеси менен уюштурулууда. Жергиликтуу бийлик тарабанынан колдоого алынып, ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүүдө. Дүкөн ар бир айда 2 жолу ачылып муктаж болгон адамдар керектүү тамак-аш менен камсыз болушмакчы",-деп айтылат маалыматта.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!