Жылуулук үчүн дагы эки күндүк акы төлөшпөйт

7-Фев. 2018, Шаршемби, 12:52

Бишкек шаарынын тургундары февраль айындагы жылуулук үчүн эки күндүк акыны төлөшпөйт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-февралда Бишкек жылуулук борборунда жылуулук системасы калыбына келгенден кийин дароо жылуулук жетпеген үчүн дагы эки күндүн акысы кыскартылган.

Ошондой эле “Түндүкэлектр” ишканасынын Бишкектеги абоненттерине да ушундай жеңилдик берүү сунушу айтылган.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦинде авария болуп, жарандар бир канча күн жылуулуксуз калгандыктан “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы борбордук системадан жылытылган үйлөрдүн жашоочулары январь айынын беш күнү үчүн жылуулук акысын кыскартуу чечимин кабыл алган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!