​Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

7-Фев. 2018, Шаршемби, 14:51

8-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселе каралат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!