Жээнбеков Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

8-Фев. 2018, Бейшемби, 10:20

Кечээ, 7-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү, мурда жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында өз ара аракеттенишүүнү бекемдөө маселелерин талкуулаган.

Ошондой эле регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!