​Казастандын КРдагы элчисинин миссиясы аяктады

8-Фев. 2018, Бейшемби, 10:34

Премьер-министр Сапар Исаков Казастандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Бозжигитовго Кыргызстандагы эки өлкө кызматташтыгын чыңдоого багытталган жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиз менен тыгыз иш алып барууда эки тараптуу өз ара аракетешүүнү бир топ активдештирүүгө жана реалдуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүндүктөр түзүлдү. Кыргызстан сиз аркылуу ишенимдүү шерик таба алды деп ишенем»,-деди Исаков.

Өз кезегинде Айымдос Бозжигитов Кыргызстан жана Казакстан ортосунда жогорку деңгээлдеги ишенимдүү мамилелер орун алгандыгын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр соода-экономикалык жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына дейре жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөргө ээ. Мен биргелешкен күч-аракеттер аркылуу кыргыз-казак мамилелеринин бардык тармактарында өзгөрүүлөргө жетишебиз деп ишеним билдирем», – деди Бозжигитов.

Ошондой эле ал Өкмөттүн «Таза Коом» программасын ишке ашыруу алкагындагы санариптик экономикага өтүү боюнча пландарына жараша Кыргызстандын алдында жаңы мүмкүндүктөр ачылып жаткандыгын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!