Сооронбай Жээнбеков: “Коррупция менен күрөшкөнгө даярмын”

8-Фев. 2018, Бейшемби, 12:17

Бүгүн, 8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен болгон күрөш бир гана укук коргоо органдарында эмес бардык тармактарда жүрүшү керектигин билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен чектелбейт.

“Бул күрөштөгү эң башкы күч – бул мамлекет башчынын саясий эрки! Мен кыргыз элимдин алдында коррупция менен болгон күрөш – менин президенттик ишмердигимдеги башкы багыттардан экендигин айтып, сөз бергенмин. Менде мындай саясий эрк бар жана мен бул күрөшкө даярмын. Мен Кыргызстанга ак дилден кызмат кылууну силерден талап кылам”,-деди Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!