Мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

8-Фев. 2018, Бейшемби, 16:06

Ысык-Көл районунда өткөрүлгөн рейд учурунда ири көлөмдөгү торлор жана кайык менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекекттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча региондук башкармалыктын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн рейдде, Сары-Ой айылынын тургуну С.О аттуу жаран балык уулоочу кытай торлору жана уруксаат кагаздары жок кайык менен кармалды.

Ал эми Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылынын тургуну У.М мыйзамсыз балык уулап жүргѳн жеринен кармалган. Инспекторлор аталган жаранды текшерүүгө алганда сига-лудога балыктарын жана балык уулоочу торлорду табышкан. Ошондой эле браконьерчилик менен алектенген жаран кайыкты уруксаат кагаздары жок колдонуп келгендиги белгилүү болду.

Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан протоколдор толтурулуп, кайык жана торлор тартылып алынды. Учурда бардык тийиштүү материалдар чогултулуп, мыйзам чегинде чара көрүү максатында Ысык-Көл райондук сотуна жиберилди.

Эскерте кетсек, Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамсыз браконьерликти жоюу максатында ар убак рейддик иш чаралар жана түшүндүрүү иштери өткөрүлүп турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!