Күч структураларынын чыгаша-кирешеси текшерилет

8-Фев. 2018, Бейшемби, 16:46

"Бүгүн, 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарында коррупцияга каршы күрөшүүгө байланыштуу абдан маанилүү маселе каралды",- деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев жыйын аяктаган соң. Бул тууралуу президенттин аппараттынан кабарлашты.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңештин чечиминин долбоорунда жогоруда аталган органдарда коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга багытталган иш-чаралардын комплексин турмушка ашыруу каралган.

«Жакын арада мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын текшерүү системасы киргизилет. Биринчи кезекте укук коргоо, көзөмөл органдарында жана сот бийлигинде иштеген кызматкерлердин чыгымдары жана кирешелери текшерилет. Биз кызматкерлердин мыйзамсыз жол менен тапкан акчасын кандайдыр бир жол менен чыгымдоого мүмкүн болбой тургандай механизмдерди киргизебиз», - деди Сагынбаев.

Андан тышкары, коррупциялык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштерин толук инвентаризациялоону киргизүү болжолдонууда.

Ошондой эле жогоруда аталган органдардын кызматкерлерине башка бирөөнүн буюмун пайдаланууга тыюу салынат. “Айрым кызмат адамдары башкалардын үйүндө жана батирлеринде жашап, башкалардын автоунааларын пайдаланган фактылар бар. Эгерде ушундай фактылар аныкталса, анда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээсин ар тараптуу текшерүүлөр күтөт”,- деп белгиледи ал.

Ал Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорунда камтылган башка маселелер Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган сунуштарды эске алуу менен кошумча талкууланаарын жана изилденерин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!