Мыйзамдын макулдашылган вариантына кол коюлду

9-Фев. 2018, Жума, 10:58

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө» КРнын Мыйзамынын макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мыйзамдын макулдашылган варианты Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты аталган коомдун ишин уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктоо, бул уюмдун Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелеринин ченемдерин жөнгө салуу болуп саналат.

Андан тышкары Мыйзам аталган коом менен байланышкан төмөнкү маселелер боюнча тиешелүү жоболорду камтыйт:

- негизги түшүнүктөр;

- ишинин принциптери, милдеттери жана негизги багыттары;

- эл аралык кызматташуусу;

- ишин каржылоо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!