Муфтий Россиядагы мекендештер менен жолугушат

9-Фев. 2018, Жума, 11:14

Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 2018-жылдын 16-17-февраль күндөрү Россияга барып, мекендештер менен жолугушат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, сапардын алкагында муфтий Орусия Федерациясынын Муфтийлер Кеңеши жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан эки тараптуу кызматташуу боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында Москва жана Екатеринбург шаарларына барып, Орусия Федерациясынын Муфтийлер Кеңешинин жана аймактык Дин Башкармалыктардын ишмердүүлүктөрү менен жеринде таанышмакчы.

Иш сапар Орусия Федерациясынын Муфтийлер Кеңешинин пландыкиш чарасынын алкагында болуп, мусулман диаспоралары, коомдук-маданий алакалар менен мигранттардын жашоо турмушу, чет жердеги мекендештердин ал абалдары жана мыйзамдарды сактоо жана экстермизм, терроризмдин алдын алуу максатында уюштурулат.

Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 2018-жылдын 16-февраль күнү Екатеринбург шаарындагы «Верхняя Пышма» шаарчасындагы "Бухари" атындагы мечитинде болуп, Азирети Муфтий өзүнүн баяндамасын жасамакчы.

16-февраль кечки шам намазынан кийин баян жана суроо-жооп уюштурулат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!