Адамдын жүзүн аныктоочу функция ишке кирет

9-Фев. 2018, Жума, 13:15

“Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында адамдын жүзүн аныктоочу функция ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында билдирди.

Өкмөт башчысынын айтымында, ал аталган функцияны ишке киргизүү үчүн инвесторлордон суранган.

“Адамдын жүзүн аныктоочу функция боюнча тиешелүү кызматтардын 20дан ашык кызматкер иш алып барат. Мисалы, мыйзам бузуулар болсо, адамдын сүрөтү менен ал кайсы жакта жүргөнүн аныктаса болот”, - деди Исаков.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Сапар Исаков, аталган долбоор ишке ашса, анда МАИ кызматкерлери жолдун четине турганга тыюу салынарын белгилеп кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!