​Президенттик аппаратта кадрдык өзгөрүүлөр болду

9-Фев. 2018, Жума, 18:48

Бүгүн, 9-февралда президенттик аппаратта кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Президент Cооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекбоев Турдуназир мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

- Карыбаева Мира Аскеровна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

- Ахметова Нурсулу Меирбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

- Субакожоева Айзада Муратбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

- Арабаев Манасбек Матаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

- Стамалиева Толгонай Турдалиевна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президентин басма-сөз катчысы –Президентин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

- Исмаилов Анарбек Касымович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы – Президентин Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

- Субанов Саякбай Алмасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

- Абдрахманова Чолпон Садырбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик Аппаратынын канцеляриясынын башчысы болуп дайындалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!