Баңгизат кылмыштары көп катталууда

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 09:38

Жалал-Абад шаардык сотунда 2017-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кылмыш иштерин кароо саны азайган. Ошол эле кезде баңгизаттарга байланыштуу кылмыш иштерин кароо саны көбөйгөн. Бул тууралуу шаардык соттун төрайымы Эльмира Сулайманова билдирди.

"Азыркы тапта негизинен шаарда баңгизат боюнча кылмыштар көп катталып жатат. Мисалга, 2008-2009-жылдары уурулук боюнча кылмыш иштери көбөйгөн болсо, азыр уурулука караганда баңгизатка аралашкан кылмыштардын саны жогорулоодо. Мисалга алсак, мурда кол телефон, акча уурдоо көп каралган болсо, соңку жылдары наркотикалык иштер көп каралды. Баңгизаттар боюнча 246 иш каралса, алардын көпчүлүгү өзү колдонуу үчүн же башка максатта колдонгон баңгизат боюнча. Негизинен мындай иштер орто жаштагы эркектер арасында көп кездешүүдө", - дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, 2015-2016-жылдарга салыштырмалуу 2017-жылы шаардык сотто 207 иш аз каралган. 2016-жылы 4053 иш каралса, 2017-жылы 3846 иши каралып, анын ичинен 324ү кылмыш иштери эсептелет. Каралган жарандык иштердин саны 1405, административдик укук бузуу иштеринин саны 801 болду. Үч кызматтык иш, андан сырткары, мүлк жана жеке менчик боюнча 862 иш,мүлккө болгонукуктар боюнча 862 иш,ал эми алимент боюнча 209 иш каралды. Алименттер боюнча бардык доолор канааттандырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!