ЮНЕСКОнун өкүлү Криста Пикат келди

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 10:45

Маданият, маалымат жана туризм министринин жетекчилиги ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Таджикстан жана Казакстандагы өкүлү Криста Пикат айым менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул сүйлөшүүдө министрлин орун басары Кыргызстанда 2018-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун юбилейин кеңири өткөрүү пландалып жатканын, ошондой эле бул жылы өтүүчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары материалдык эмес мурастарды жана улуттук оюндарды сактап, кеңири жайылтууга чоң көпүрө болоорун белгиледи.

Учурдан пайдаланып министрдин орун басары тарабынан Криста Пикат айым Көчмөндөр оюндарына чакырылды.

Криста Пикат айым өз сөзүндө 2018-жылдын май айынын ичинде министрлик менен биргеликте ЖМК боюнча тажрыйба алмашуу максатында эл аралык конференция өткөрүүнү жана Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу кооз табиятка ээ экенин айтып, туризм боюнча чогу иш алып барууну да сунуш кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!