Жээнбеков Путинге көңүл айтты

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:00

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Москва областында учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Москва областында учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандыктары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну Сизден өтүнөм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, Москванын Домодедово аэропортунан учуп чыккан Ан-148 учагы эки чакырым бийиктиктен Подмосковьеде кулаган. Учактын ичинде 65 жүргүнчү жана 6 экипаждын мүчөлөрү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!