​Исаков Абу-Даби фондунун башчысы менен жолукту

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:05

Кечээ, 11-февралда премьер-министр Сапар Исаков өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Жолугушууну ачып жатып, Сапар Исаков Кыргызстан Абу Даби өнүктүрүү фонду менен учурдагы кызматташтыкты арттырууну сунуштады.

«Бугүн Фонддун кароосунда «Балыкчы – Каракол – Балыкчы автожолун реконструкциялоо» долбоорунун 104-220 км аралыктагы тилкеси турат. Суроонун орчундуулугун эске алып, биз долбоорду деталдуу талкулоого даярбыз», – деди Өкмөт башчы.

Ал эми Мухаммад Саиф Аль-Сувейди Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргызстандын ортосунда достук жана конструктивдүү мамилелер калыптанганын белгиледи.

«Аны эске алуу менен Абу-Даби өнүктүрүү фонду «Балыкчы – Каракол – Балыкчы автожолун реконструкциялоо» долбоору боюнча Кыргызстандын билдирмеси менен артыкчылыктуу иретте таанышып чыгат», – маалымдады ал.

Аны менен катар жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, транспорт, саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташуунун мүмкүнчүктөрү тууралуу талкуулашты. Тактап айтканда Абу-Даби өнүктүрүү фондунун Бишкектин 4 шаардык ооруканасын реконструкциялоого жардам көрсөтүүсү тууралуу сөз болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!