Дубайда Сапар Исаков Кристин Лагарддын колун кысты

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:26

Кечээ, 11-февралда премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуунун алкагында Эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков жана Кристин Лагард Кыргызстан жана Эл аралык валюталык фонддун ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин, экономикалык абалды жана учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформалардын жүрүшүн талкуулады.

Кристин Лагард белгилегендей, Кыргызстан менен кызматташуунун 20 жылдык тарыхында көптөгөн биргелешкен маанилүү долбоорлор ишке ашырылган жана Эл аралык валюталык фонддун атынан финансылык институт өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга жана диалог жүргүзүүгө даяр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!