Ала-Бука базары кооптуу абалда

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:30

Жалал-Абаддагы Ала-Бука районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербей, өтө кооптуу абалда. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Себеби Мамэкотехинспекция койгон талаптарды базар жетекчилиги аткарбай, шалаакы мамиле жасоодо.Тагыраак айтканда, базардын ортолорундагы жолдор бүтөлүп, соодагерлер жолду тарытып алышкан. Кокус ар кандай күтүүсүз кырдаалдар катталып кетсе, өрт өчүрүүчү унаа же болбосо тез жардам унаалары кире албайт.

Инспекторлордун түшүндүрүү иштери бул соода жайынын жетекчилигине таасир бербей келүүдө. Буга байланыштуу, учурда Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тийиштүү органдар менен биргеликте катаал чара көрүү иштерин жүргүзүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!