Эмираттын ханзаадасын Кыргызстанга чакырышты

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:43

Кечээ, 11-февралда премьер-министр Сапар Исаков Дубай шаарындагы Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Фуджейра эмиратынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар кыл тармактагы эки тараптуу өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы эки өлкөнүн бизнес-түзүмдөрү ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи. Премьер-министр билдиргендей, аталган чара эки тараптуу жалпы экономикалык байланыштарга оңдуу таасирин берет, ал бүгүнкү күндө дээрлик жогорку деңгээлде турат.

Сапар Исаков белгилегендей, өлкөдө инвесторлор жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өз-ара мамилелери жаатындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин жакшыртуу боюнча тийиштүү иштер аткарылууда.

Фуджейра эмиратынын канзаадасы маалымдагандай, акыркы жылдары Кыргызстанда бир катар оңдуу өзгөрүүлөр байкалууда, анын айтымында, бул Өкмөттүн чет элдик инвестицияларды тартуу жана натыйжалуу башкаруу боюнча активдүү ишинин күбөсү болот. Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки Кыргызстан БАЭ менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин билдирди.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстандын жана Фуджейра эмиратынын ишкерлери өз-ара пайдалуу келишимдерди түзө баштады, бул келечекте эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мыкты пайдубалы болуп калат.

Сапар Исаков Фуджейра эмиратынын канзаадасын Кыргызстанга сапар менен келип, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып кетүүгө чакырды, ошондой эле биргелешкен бизнес-форум өткөрүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

Канзаада аталган иш-чараны өткөрүүгө жана анын деталдарын жумушчу топтор деңгээлинде иштеп чыгууга даярдыгын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!