Мыйзамсыз көмүр казган жайлар текшерилүүдө

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:43

Учурда Жалал-Абад облусундагы көмүр кени казылып жаткан шахталар жана мыйзамсыз өз алдынча көмүр казган аймактар Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын катарына союз маалында иштеп, бирок ишмердүүлүгү толук токтотулган кара алтын кенин казуучу жайлар дагы көзөмөлдөнүүдө. Себеби, дал ушул токтотулган шахталарга жергиликтүү тургундар барып, казуу иштерин улантып жатышат. Анын кесепетинен канчалаган өмүрлөр кыйылууда. Эч кандай техникалык коопсуздук сакталбагандыгынан кабары бар аппачилер буга карабай иш жүргүзүп жатышат.

Буга байланыштуу инспекторлор текшерүү менен гана чектелбестен, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жашоочулары менен жолугушуп атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекциянын директору Муратбеков Канатбек Камбарбековичтин 2016-жылындагы берген тапшырмасынын негизинде Кыргызстандагы кен казылуучу кооптуу аймактар маал-маалы менен тынымсыз текшерүүгө алынып келет. 2018-жыл жаңырганы бул багытта Инспекция ишти күчөттү. Себеби канча түшүндүрүү жана текшерүү иштери жүргүзүлбөсүн, кырсыктардын аягы тыйылбай жатат.

Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын башчысы Муратбеков коопсуздукту сактоо боюнча Инспекторлор жергиликтүү бийликтер менен ишти күчөтүп, ар ким өз милдетине коюлган тапшырмаларды так аткарууну буйруду. Мамэкотехинспекция тарабынан өлкөдөгү кен казылуучу аймактарды кайталап текшерүүнү жакында директор Муратбеков жеринде өзү жүргүзмөкчү.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!