«Кумтөр» төлөмдөрдү толук төлөшү керектиги айтылды

 «Кумтөр» төлөмдөрдү толук төлөшү керектиги айтылды
12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:29

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда депутат Айнуру Алтыбаева: «Кумтөр» компаниясы - өтө кирешелүү ири ишканалардын бири, демек, бюджеттик төлөмдөрдүн баарын толугу менен төлөшү керек», - деп билдиргенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын айтымында, «Кумтөр» компаниясы баарынан көп бюджеттик төлөмдөрдөн бошотулган. Жалпысынан алганда, ал 2 млрд сомду 29 пайызды түзөт. Компания өткөн жылы өлкө аймагына 11 млрд сомго импорттук жабууларды алып келген.

«Бюджеттик салыктардан быйыл 1 млрд 900 млн сом түшүп калды деп капаланып отурабыз, анын ордун толтурчу кошумча киреше булактарыбыз арбын эле. Мисалы, «Кумтөр» компаниясын алалы, ал өтө кирешелүү ири ишкана, демек, төлөмдөрдүн баарын толугу менен төлөшү керек. Бизде негизсиз эле салыктык жеӊилдиктер берилген ишканалар көп», - дейт ал.

Андан тышкары, депутат дары-дармектердин импортун кошумча нарк салыгынан бошотулушун кайра карап чыгууга тийиш экенибизди, мамлекеттик ооруканалардын имараттарында жайгашкан дарыканалар ижара акысына болбогон каражат – 500-600 сом төлөп кутулуп кетип жатканын айтты. «Өлкөнүн ички дүӊ өнүмү эмгек мигранттарынын акча которуусу менен тыгыз байланыштуу экени эч кимге деле жашыруун эмес. Ошондуктан, импорттун бажы алымдарын төлөөсүн кайра кароо менен бирге, салык төлөмдөрү менен бажы алымдарын башкаруу чараларын катуулатып, көмүскө экономиканы көрүнөө чыгарышыбыз керек», - дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетишти(видео)
Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетишти(видео)
Кыргызстандагы ырчы айымдардын бизнеси. Кимисинин байлыгы көп?
Кыргызстандагы ырчы айымдардын бизнеси. Кимисинин байлыгы көп?
Аркан менен баскан адам жүрөктүн үшүн алды (видео)
Аркан менен баскан адам жүрөктүн үшүн алды (видео)
19- 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
19- 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Эки шаар унааларга дизель майын куйбайт
Эки шаар унааларга дизель майын куйбайт
Эки учак кагышты
Эки учак кагышты
“Facebook” жаңы функциясын ишке кошту
“Facebook” жаңы функциясын ишке кошту
2019-жылы пенцияларды көбөйтүүгө канча сом каралды?
2019-жылы пенцияларды көбөйтүүгө канча сом каралды?