Сын пикирлерге 20 миң сом айып салынышы ыктымал

13-Фев. 2018, Шейшемби, 11:31

Кечээ, 12-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов демилгелеп жаткан “Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, интернетте негизсиз сын пикир жазгандардын жоопкерчилигин кароо сунушталган. Моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынуучу айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбош керек.

“Мыйзам долбоорун колго сала келгенде депутаттар Ж.Акаев, А.Касымалиева, Н.Никитенко каршы добуш беришсе, комитеттин калган мүчөлөрү аны колдоорун билдиришти”,- деп жазылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!