Таштанды жайда жугуштуу оору коркунучу бар

13-Фев. 2018, Шейшемби, 13:01

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы калдыктарды таштоочу жайы ирээтке келбегендиктен, жаз келип күн жылый баштаса жугуштуу ооруларды алып келүү коркунучун жаратат. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Себеби таштанды таштоочу жайында отуз жылдан бери таштандылар ташталганы менен, аны ирээтке келтирүү иш чаралары жүргүзүлгөн эмес. Мамэкотехинспекциянын экология коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспекторлордун койгон талаптары ишке ашпай,анын негизинде жергиликтүү бийлик административдик айып төлөө менен кутулуп келгенин инспекторлор баса белгилешти. Мыйзам боюнча коюлган талаптар ишке ашырылбаса, доо коюлган тарап административдик чарадан сырткары калыбына келтирүү иштерин дагы аткарышы зарыл эле.

Бирок тилекке каршы, жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан улам, акыр чикир таштоочу жайдын абалы оорлоп, жашоочуларга зыян алып келиши толук мүмкүн болууда. Себеби таштанды жайларынада ит-куштун жана мал жандыктын өлүктөрү ачык эле жатат. Мыйзам боюнча таштандыларды таштоочу жайда, ар кандай жугуштуу оору алып келүүчү акыр чикирлер жана мал жандыктын өлүктөрү атайын Беккер чункуруна көмүлүп, аны адистер химиялык жол менен тазалап, абага бөлүнүп чыгуучу уулу заттарды жок кылып турушу керек. Жогоруда аталган коопсуздукту сактоо көрүнүшү Ала-Бука районунда таптакыр жок.

Мамэкотехинспекциянын жергиликтүү инспекторлору бул көрүнүштү жокко чыгаруу үчүн жергиликтүү бийлик менен кайчы пикирде болуп жатат. Себеби жергиликтүү бийлик бул көрүнүшкө көз жумуп келет. Андыктан ар кандай оорулардын жугуп кетүү коркунучу Ала-Букада сакталып калууда.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!