Коррупцияга каршы күрөшүүнүн планын талкуулашты

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн планын талкуулашты
13-Фев. 2018, Шейшемби, 17:12

Бүгүн, 13-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жолугушууда 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин тездетип ишке ашыруу милдеттери талкууланды.

Абдил Сегизбаев президентке коррупция менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана ошондой эле натыйжалуулугун жогорулатуу максатында УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын ишмердигин жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Антикоррупциялык кызматтын ишмердиги тыкыр талданып, Мамлекет башчысынын Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында айткан сын-пикирлеринин бардыгы эске алынганы билдирилди.

Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттө Антикоррупциялык кызматтын ишмердигинин форматын ведомствого жүктөлгөн милдеттерди толук аткарып жатабы жана ар бир кызматкери иштеген кызматына ылайык келеби – кайрадан карап чыгуу милдетин койду.

«Бардык кызматкерлер коррупция менен күрөшүүдө кызматтык милдетин жана ролун так түшүнүшү керек. Жөн гана жооп жазуу менен алектенип, көнүмүш адатка салганга болбойт, - деп белгиледи Президент. – Сиздер алдыңарга максималдуу бийик милдет коюп, максатка жетишип, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүшүңөр керек».

Президент жана УКМКнын төрагасы ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жана күрөшүү боюнча мындан аркы пландарды талкуулашты.

«УКМКнын алдында олуттуу маселе турат – укук коргоо, сот органдарындагы жана башка мамлекеттик структуралардагы коррупция менен күрөш жүргүзүү. Жыйынтык керек», - деп белгиледи Жээнбеков.

УКМКнын төрагасы ошондой эле Президентке өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мындан аркы пландары, анын ичинде террористтик жана экстремисттик уюмдардын иш-аракеттерин аныктап, алдын алуу иштери боюнча маалымат берди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)