​Баткендин 42 айылда мобилдик байланыш жок

14-Фев. 2018, Шаршемби, 10:40

Кечээ, 13-февралда премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өкмөтүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев аймактын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди.

Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салимжан Хамрабаев аймакты өнүктүрүү программасы, ирригациялык тармактарды, тамак-аш өнөр жайын, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, аймактын 202 айылынын 30у гана интернет-байланыш менен камсыздалган. Жалпы облусту Интернет менен камсыздоо үчүн болжол менен 60 млн сом керектелет. Мындан тышкары, 42 айылда мобилдик байланыш жок.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!