Исаков Баткенди канткенде өнүктүрүүгө болоорун айтты

14-Фев. 2018, Шаршемби, 10:47

Кечээ, 13-февралда премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун коллегиялык кеңешмесинде Баткен облусу үчүн өзгөчө 3 кадам маанилүү экендигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Жыйында Өкмөт башчы белгилегендей, аймакты өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо өткөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча Баткен облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу пландар иштелип чыккан.

«Учурда биз салыкты фискалдаштыруу боюнча маанилүү реформалардын үстүндө иштеп жатабыз, бул каражаттарды көмүскөдөн алып чыгууга жана тийиштүү түрдө бюджетти толтурууга мүмкүндүк берет. Биз онлайн эсеп фактураларын жана контролдук-кассалык аппараттарды ишке киргизебиз», – деди Исаков.

Премьер-министр «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, Баткен облусу үчүн өзгөчө 3 кадам маанилүү: «Таза Суу», анткени ичүүчү суу жарандардын жашоосунда чоң мааниге ээ; ирригация боюнча кадам, анткени бул аймакты жана агроөнөржай тармагын өнүктүрүү үчүн манилүү; жана «Таза Коом» кадамы чоң мааниге ээ.

«Биз бул үч кадам алкагында жарандарыбыздын бакубаттуулугу үчүн иш алып баруубуз керек, анткени, алар Баткен облусун өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанилүү», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Ошондой эле Премьер-министр белгилегендей, коңшу мамлекеттер менен достук мамилелерди сактап, өнүктүрүү зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!