Бишкектин тургуну жапайы жаныбарларды багып жүргөн (фото)

14-Фев. 2018, Шаршемби, 11:20

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тургуну С.О жапайы жаныбарларды көп кабаттуу батиринде мыйзамсыз багып жүргөн. Бул туурасында Мамэкотехинспекциянын инспекторлоруна Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мобилдик батальону жана New-Tv телеканалынын кабарчысы маалымат берген.

Экотехинспекция тараткан маалыматка караганда, аталган канал ошол учурда алар тартип сактоо боюнча рейд жүргүзүп жүрүшкөн. Натыйжада аталган жаранды жеринен кармап, дароо Мамэкотехинспекциянын экологдоруна кабар беришкен. Инспекторлор жеринде барып текшерүүгө алганда, аталган жаран эч кандай уруксаат кагаздары жок 4 жыланды, 2 жапайы жырткыч кушту жана 1 кирпини багып жаткандыгын аныкташкан.

Мамэкотехинпекциянын экологдору тийиштүү акты, протоколдорду толтурушуп, жаныбарларды дароо реабилитациялоо борборуна өткөрүп беришти. Аталган жерде аныкталган жапайы жанабарлар текшерүүгө аланып, адистердин көзөмөлүндө болот.

Учурда жапайы жаныбарларды үй шартында багып жүргөн жаранга карата топтолгон материалдар сотко өткөрүлүп жатат. Мыйзам боюнча жапайы жаныбарларды үй шартында кармап, багууга тыйуу салынат. Ошондой эле, кимде ким жапайы жырткычтарды кармап, багып жүргөн же ошондой көрүнүштөргө күбө болуп калса Мамэкотехинспекцияга маалымдап коюнуздар. Ошондой эле, Мамэкотехинспекция жогорудагы жапайы жаныбарларды кармаганга жардам берген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мобилдик батальонуна жана New-Tv телеканалынын кабарчысына ыраазычылык билдирет!(фото Илязбек Балташевдики)




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!