Муфтият: 16-февралда ажылыкка каттоо аяктайт

14-Фев. 2018, Шаршемби, 16:49

2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын 13-февралдагы отурумунун протоколунун чечимине ылайык 16-февраль күнү кечки саат 17:00дө РСК банкына 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын кабыл алуу өлкө аймагы боюнча токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми 16-февраль күнү кечки саат 17:00гө чейин РСК банкына 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын төлөгөн квитанциясы бар ажыга баруучу талапкерлерди ажылык серверине каттоо иштери 23-февраль, кечки саат 17:00гө чейин улантылат.

Бул чечим уюштуруу штабынын ажылык сапарды уюштуруу тартиби жөнүндөгү жобосуна ылайык кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!