Акындар студенттерге жолукту

14-Фев. 2018, Шаршемби, 17:43

«Эне тил улутту сактайт» деп аталган темада акын-жазуучулардын студенттер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Акындар менен бетме-бет пикир алышуу эч кимди көңүл кош калтырбай, убакыттын зымырап өткөндүгү билинбеди. Поэзиянын күчү дайыма укмуштуу, ал эми укмуштуу менен жанашуу дайыма бийик. Атактуу акын-жазуучулар Сейит Жетимишев, Тазагүл Закирова, Калчоро Көкүлов, Атантай Акбаров, Бактыгүл Чотурова, Жыпар Исабаева кеченин чыныгы көркү болушту, убакыттын көбүнчөсү алардын ырларын окууга арналды. Сүйүктүү акындардын ырын окуу үчүн, сыймыктанган студенттер кезекке турушту жана өзүнүн алгачкы чыгармаларын атактуу акындардын сыноосуна тартуулашты. Жооп катары акындар кол тамгасы түшүрүлгөн өз китептерин белекке беришти. Бул угуучуларга авторлордун таза жана шыктандыруучу ойлорун ачкан лирикалык саптардын жеңил агымы болду.

Жолугушуу баарына жагымдуу сезимдерди тартуулап жана көпчүлүк үчүн укмуштай кызыктуу ачылыш болду! Биз кезектеги жолу кыргыз жеринин таланттары менен тааныштык жана чыгармачылыктын жаңы чегин ачтык. Бул жолугушууда белгилүү акын-жазуучулардын жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин таланттуу студенттеринин ортосунда атактуу адамдардын поэзиясы жана чыгармачылыктары жөнүндө, адамдын калыптанышындагы эне тилдин орду жана мааниси жөнүндө бетме-бет жана ачык-айкын сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Эл аралык эне тил күнү 1999-жылдын ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланып, тил жана маданий көп түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү үчүн жылыга 21-февралда белгиленип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!