Шаикова МККны кайрадан жетектейт

15-Фев. 2018, Бейшемби, 10:50

Алина Шаикова мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 14-февралда кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өкмөт Аппарат жетекчисиинин орун басары Эдуард Турдалиев Мамлекеттик каттоо кызматынын жамаатына жаңы төрайымын тааныштырды.

Айта кетсек, Шаикова 2014-жылдын апрелинен сентябрь айына чейин ушул эле кызматтын төрайымы болуп иштеген.

Ал эми Дастан Догоев аталган кызматты өткөн жылдын июнь айынан тартып жетектеп келген. Ал бул кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!