​Дөңгөлөк үчүн аялынын бөйрөгүн сатып жиберди

15-Фев. 2018, Бейшемби, 11:50

Алматыда эркек киши унаанын дөңгөлөгүн алуу үчүн жубайын бөйрөгүн сатууга мажбурлаган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Адвокат Джохар Өтекбековдун айтымында, бөйрөгүн сатып көз жумган донор өлөр алдында окуянын чоо-жайын айтып берди.

Алматы шаарынын тургуну, унаанын дөңгөлөгүн алуу үчүн аялынын бөйрөгүн сатмакчы болгон. Ал үчүн келинчегин көндүргөн. Аялы кош бойлуу болгондугуна байланыштуу, бөйрөгүн берүүгө мүмкүн эмес болчу. Ага карабастан бөйрөгүн сатууга бел байлаган келин өзүн жаман сезип көз жумду.

“Донордон түшкөн акчага жубайлар карыздарын жана унаанын дөңгөлөктөрүн сатып алышмакчы болушкан. Астаналык аял алар менен кабарлашып, бөйрөк үчүн 4 миллион теңге бере турганын айтып, өз ара келишип бөйрөктү сатууга бел байлашкан. Бир аптанын ичинде аял медициналык текшерүүдөн өтүп, бөйрөгү туура келе турганы аныкталган”,-деди Джохар Өтебеков.

Операцияга саналуу гана күндөр калганда аял өзүн жаман абалда сезип, оор абалда ооруканага жеткизилип каза болсо, ичиндеги баласы чарчап калган.

Кийинчирээк эркек киши өз бөйрөгүн 10 миң долларга бир аялга сатмакчы болуп, операциядан кийин кайтыш болду. Ал эми бөйрөктү сатып ала турган жаранды сот бир жылга эркинен ажыраткан. Прокуратура болсо бул чечимге каршы чыгып, 6 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!