Мыйзамсыз күркөлөр шаардан тазаланат

15-Фев. 2018, Бейшемби, 12:34

Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Шаар мэри Салайдин Авазов өзүнүн буйругу менен иретсиз жайгашып, шаар көркүн бузуп турган, ошондой эле уруксатсыз, туура эмес орнотулган күркөлөрдү алдыруу, шаарды иретке келтирүү үчүн 9 кишиден турган атайын комиссиянын курамын бекитти. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар бийликтеринин мындай кадамына шаар аймагындагы жеке ишкерлер тарабынан соода күркөлөрүн ой келди башамалман жайгаштыруусу, уруксат берилбеген жайларга орнотуп алуусу, муниципалдык менчикте турган жайларды өзүм билемдик менен ээлеп алуулары, ушундай фактылар боюнча шаардыктардын жөндүү нааразылыктары себеп болду.

Шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, айрым ишкерлердин өзүм билемдик аракеттери башкалардын да терс аракеттерине шылтоо болуп, шаар аймагында, айрыкча борбордук бөлүгүндө иретсиздикти пайда кылууда. Эми мындай көрүнүштөргө мыйзамдуу чаралар көрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!