"Мыкты инновациялык долбоор-2018" конкурсу башталат

15-Фев. 2018, Бейшемби, 15:09

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Мыкты инновациялык долбоор - 2018” конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Конкурстун максаттары:

-келечектүү инновациялык долбоорлорду жана иштелмелерди аныктоо;

-республикада инновациялык ишмердүүлүктү активизациялоо;

-инновациялык долбоорлорду ички жана тышкы рынокко чыгарууга көмөктөшүү.

Конкурс төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

  • -Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы;
  • -Энергетика жана энергиянын кайра жаңыланма булактары;
  • -Маалыматтык жана санариптик технологиялар;
  • -Өнөр жай;
  • -Курулуш, курулуш материалдары ж.б.

Конкурска идеянын ээси же иштеп чыгуучулары болгон, алардын коммерциялык ишке ашуусуна кызыкдар жана колдонуудагы коргоо документи (патент, күбөлүк) бар жеке жана юридикалык жактар катыша алат.

Ар бир конкурстук долбоорго бекитилген үлгүдөгү өтүнмө тиркелиши керек. Өтүнмөлөр электрондук жана кагаз түрүндө төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Москва көч., 62,

e-mail:

Кененирээк маалыматты www.patent.kgсайтынан же (0312) 68-16-01 телефонунан алууга болот.

Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 2018-жылдын 1-июнуна чейин.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө инновациялык долбоорду ишке ашырууга гранттар сунушталат. Жеңүүчүлөрдүн саны жана гранттын суммасы долбоорлордун керектөөсүн жана конкурстун жыйынтыктарын эске алуу менен аныкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!