Грек-рим боюнча Азия чемпионаты өтөт

16-Фев. 2018, Жума, 16:00

27-февраль 4-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Чемпионатка 38ден ашуун мамлекеттен келген спортчулар катышмакчы.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык курама командасынын тизмеси:

55 килограмм салмак ченинде: Жоламан Шаршенбеков;

60 килограмм салмак ченинде: Каныбек Жолчубеков;

63 килограмм салмак ченинде: Урмат Аматов;

67 килограмм салмак ченинде: Роман Царев;

72 килограмм салмак ченинде: Акжол Махмудов;

77 килограмм салмак ченинде: Эсен Асанов;

82 килограмм салмак ченинде: Атабек Азисбеков;

87 килограмм салмак ченинде: Азат Бейшебеков;

97 килограмм салмак ченинде: Үзүр Жузупбеков;

130 килограмм салмак ченинде: Мурат Рамонов;

Башкы машыктыруучу: Азат Эркимбаев;

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!