Сапар Исаков ЖИА өкүлдөрү менен жолугушту

16-Фев. 2018, Жума, 16:21

Бүгүн, 16-февралда премьер-министр Сапар Исаков ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы бизнести өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Сапар Исаков белгилегендей, Өкмөттүн иши үч негизги багытта –калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү эсебинен сугат жерлердин аянтын жогорулатуу, ошондой эле «Таза Коом» санариптик трансфорациялоо программасын ишке ашыру үчүн шартарды түзүү жаатында жүргүзүлөт.

Ошондой эле өкмт башчы бизнес өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык негизи экендигин жана мамлекет ишкерлер үчүн бардык шарттарды түзүүсү тийиш экендигин белгиледи.

«Учурда Кыргызстан үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Европа биримдигинин көптөгөн миллиондуу рыногу ачылды», - деди Исаков жана ишкерлерди атамекендик продукцияны сатуунун жаңы рыногун өздөштүрүүгө активдүү киришүүгө чакырды.

Ал эми ЖИА өкүлдөрү бизнести жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча өз пикирлерин билдирип, ошондой эле өз ишмердүүлүгүндөгү тушугуп жаткан көйгөйлөр жана кыйынчылыктарды аташты.

Премьер-министр бардык сунуштарды карап чыгууга убада берип, аталган милдеттерди комплекстүү чечүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!