​Сооронбай Жээнбеков Дональд Трампка көңүл айтты

16-Фев. 2018, Жума, 17:23

Президент Сооронбай Жээнбеков Флориданын Парклэнд шаарындагы мектептеги ок атуудан көп адамдар курман болгонуна байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Джон Трампка көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда президенттин аппаратынан кабарлады.

«Кыргызстандын элинин атынан жана өз атымдан болгон трагедияга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам", - деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты, ошондой эле жабыркагандардын баарына тез сакайып кетүүсүн каалай турганын билдирип коюуну өтүндү.

Эскерте кетсек, 14-февралда АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарында “Марджори Стоунмэн Дуглас” мектебиндеги атышуу болгон. Анда 17ге жакын адам көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!