"Манас" эпосун сактоо боюнча жыйын өткөрүлдү

20-Фев. 2018, Шейшемби, 13:03

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева “Манас” эпосунун 1025-жылдыгына жана “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча 2018-2023-жылдардагы мезгилге карата 24 тизмеден турган КРнын Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планы талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Талкууда ЖОЖдор, атайын орто окуу жайлар, мектептер, бала-бакчалар үчүн “Манас таануу” окуу программасын, усулдугун өркүндөтүү.

Эл аралык “Манас” жана дүйнө элдеринин эпосторун изилдөө жана жайылтуу максатында эл аралык илимий, маданий борбор түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу.

Дүйнө элдеринин эпосторунун дүйнөлүк фестивалын өткөрүү жана башка иш чаралар талкууланды. Алдыга коюлган иш пландар жогорку кызмат өкүлдөрүнө жөнөтүлүп алардын ырастоосу керек болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!