Муфтий эл аралык конференцияга катышууда

20-Фев. 2018, Шейшемби, 17:16

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан «Диндер аралык диалог жана адамдардын укуктары» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Конференцияга дүйнөлүк аалымдар жана серепчилер, Катар мамлекетинин тышкы иштери боюнча мамлекеттик министри Султан бен Саад Аль Мурайхи,бүткүл дүйнөлүк Ислам аалымдарынын генералдык секретары доктор Али Мухиддин Карадаги,Катар мамлекетинин билим берүү министрлигинин аппарат жетекчиси жана «Диндер аралык диалог жана адамдардын укуктары» борборунун директору доктор Ибрахим Салех аль-Наими жана Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги ыйгарым укуктуу элчиси Ниязалиев Нуран Садырович катышууда.

«Диндер аралык диалог жана адамдардын укуктары» аталышындагы Эл аралык конференциянын алкагында инсандардын укуктары, адамзатынын баалуулугу жана диндер аралык диалог маселеси талкууланып, дүйнө элинин тынчтыгынын маанилүүлүгү, Ислам дининин баалуулуктары айтылды. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ислам тынчтыктын, мээримдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн дини экендигин айтып, мындай эл аралык конференциялардын өтүшү менен конфессиялар аралык мамиле бекемделээрин билдирди.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!