Унаа жуучу жайлар текшерүүгө алынды

20-Фев. 2018, Шейшемби, 17:31

Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеген унаа жуучу жайлар текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Себеби, акыркы жылдары аталган аймактарда эч кандай уруксаат кагаздары жок, экологияга зыян келтирип, өз билемдик менен иштеген мыйзамсыз унаа жуучу жайлары көбөйүүдө.

"Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын адистери Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондорунун аймагында унаа жуучу жайлардын мыйзамдуулугун текшерүүгө алып, техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузган унаа жуучу жайлардын ишин токтотуп жатат. Учурда Чолпон-Ата шаарында 2 унаа жуучу жайдын иши Инспекция тарабынан токтотулду. Ал эми инспекторлордун мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген унаа жуучу жайларынын иши прокуратура жана ички иштер органдарына өткөрүлүп берилүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!