Имамдардын билимине көмөк беришет

21-Фев. 2018, Шаршемби, 10:04

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Катардын Вакф жана дин иштери боюнча министри шейх Гаит бин Мубарак аль-Кувари менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу, имамдардын билим деңгээлин көтөрүү жана алар үчүн окууларды уюштуруу, коомчулукка Ислам дининин баалуулуктарын жеткирип, жаштарды туура жолго багыттоо боюнча пикир алышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Алгач Азирети Муфтий Катардын Вакф жана дин иштери боюнча министрине имамдардын квалификациясын жогорулатууга кошкон салымына терең ыраазычылыгын билдирип, окууларын уюштурулушу учурда өзүнүн жемишин берип жаткандыгын айтып өттү.

Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргызстандагы имамдарды кайра окутуу жана тажрыйба алмашуу жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Катардын Вакф жана дин иштери боюнча министрлигинин ортосундагы алакаларды жакшыртуу жаатындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!