Мектептер беш күндүк окуу жумалыгына өтөт

21-Фев. 2018, Шаршемби, 10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков “Билим берүү жɵнүндɵ” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган. Мыйзам мектептерди алты күндүк окуу жумалыгынан беш күндүк окуу жумалыгына которуу максатында кабыл алынган. Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Билим берүү жɵнүндɵ» Мыйзамынын 16-беренеси тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 10-бɵлүк менен толукталган: “Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетимдүү окуу жүктɵмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет”.

Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!