Ботаникалык бакты оңдоо талкууланды

21-Фев. 2018, Шаршемби, 11:49

Премьер-министри Сапар Исаков Кыргызcтандагы Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы мезгилдеги биргелешкен кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкуулаган.

Сапар Исаков Ага-Хан уюмуна Кичи Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздарга үзгүлтүксүз гуманитардык колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Шамш Кассим-Лакха белгилегендей, мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык тармактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы Ага-Хан уюмунун артыкчылыктары менен дал келет. Ал мындан аркы ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтыкка даярдыгын билдирди.

Андан соң тараптар Уюмдун инвестициялык пландарына, тактап айтканда, Нарын шаарындагы жаңы мейманкананын, мектептин жана турак-жайлардын курулушуна кеңири токтолушту.

Тараптар ошондой эле Бишкек шаарындагы Ботникалык бакты биргелешип реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Сапар Исаковдун айтымында, аталган маселе боюнча жумушчу топ түзүлүп, иш-чаралар планы бекитилген, анын алкагында Бакты реконструкциялоо боюнча сметаны иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Шамш Кассим-Лакха белгилегендей, Ага-Хан Уюмунун дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринде парктарды куруу жана реконструкциялоодо мыкты эл аралык тажрыйбасы бар жана бул маселе боюнча кызматташтыкка даярдыгын билдирди
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!