Гулнур ​Керимкулова жаңы кызматка дайындалды

21-Фев. 2018, Шаршемби, 14:02

Өкмөттүн аппаратынын Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп Гүлнур Керимкулова дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалымат иретинде:

Керимкулова Гүлнур Айдарбековна 1983-жылдын 20-апрелинде төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин –«политология» адистиги боюнча, 2006-жылы TeachEx/EdNet-USAID жогорку билим берүү Академиясын аяктаган, экономиканын магистри. 2014-жылы Колумбия университетинин (АКШ) мамлекеттик башкаруу боюнча магистри даражасын алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

2005-2006 жж. –Президентин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти;
2006-2015 жж. –Улуттук банк, экономикалык башкармалыгында экономист, алдыңкы экономист, башкы экономист, бөлүмдүн башчысынын м.а.;
06-09. 2014 ж. – Дүйнөлүк банк (Вашингтон, АКШ), Benchmarking Business in Agriculture долбоорунун консультанты;
2015-2016 жж. –Улуттук банк, көзөмөлдөөнүн методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, көзөмөлдөөнүн методологиясы бөлүмү, банктарга тобокелдүү багыттарды көзөмөлдөөнү кийрүүчү топ, башчысы/жетекчиси;
2016-2018 жж. –Улуттук банк, экономикалык башкармалык, акча-кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!