Мамлекеттик тил боюнча олимпиада өткөрүлдү

21-Фев. 2018, Шаршемби, 19:55

21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияменен Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ИСИТО) биргеликте ЖОЖдор аралык мамлекеттик тил боюнча олимпиада уюштурду.

Олимпиаданын ачылышында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Олимпиадага катышкан Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын 1-2-курсунун студенттери (кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен башкасы) эки багыттагы сынактан өтүштү. Биринчи топтогу студенттер алдын-ала берилген темаларда даярдап келген долбоорлорун жактаса, ал эми экинчи топтогу катышуучулар жазуу тапшырмасын аткарып, андан соң көркөм окуу боюнча таймашты.

Олимпиаданын жыйынтыгында “Мыкты долбоор” номинациясы боюнча 1-орунга Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенти Иманалиев Марсель татыктуу болсо, 2-орунду И.Ахунбаев атынданы КММАнын студенти Анарбек кызы Перизат, 3-орунду Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери Матназаров Марлен жана Жээналиев Элдияр ээледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!