Депутат казак жараны болушу мүмкүнбү?

22-Фев. 2018, Бейшемби, 14:06

Казакстанда контрабандага шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени маалымдалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын тышкы саясат ведомствосунан Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбекте казак жарандыгы бар экенин ырастаган расмий кат келип түшкөн.

Эскерте кетсек, Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 35 адам кармалып, катарында Кыргызстандын 3 жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин бар экендигин тастыктаган. 18-февралда Алматы шаардык соту карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!